Ак-Суу районунда өрттүн кесепетинен бир үй толугу менен күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
13-сентябрь күнү саат 15:30 чамасында Ак-Суу айылынын үйлөрүнүн биринде өрт чыгып, жыгач устундуу, аянты 30 чарчы метр турак үй толугу менен жана 2 тонна саман күйгөн.
Маалыматка ылайык, өрттүн себеби электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан улам болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ