Menu

Түркмөнстанда “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы кармалып сабалды

Бөлүшүү:

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын журналисти Худайберди Аллашов полиция тарабынан камалды. 27 жаштагы журналист менен чогуу анын аялы жана апасы дагы кармалган. Кийинчерек жубайын бошотушуп, бир нече сааттан кийин кайра кармашкан. Полиция Аллашовду 11 килограмм тамеки-насыбай сактап жүргөн деп айыптоодо.

Күбөлөр жалган жалаа тагылып жатканын, полиция бөлүмүндө журналист катуу сабалганын жана электрошоктун таасири алдында күч менен күнөөсүн моюнга алдырышканын билдиришүүдө.

Худайберди Аллашов “Азаттыктын” түркмөн кызматына быйыл октябрда ишке орношкон. Ал мажбурлап пахта жыйнатуу, аймактагы азык-түлүктүн жетишсиздиги, айлык маянанын кечиктирилип берилүүсү сыяктуу көйгөйлүү маселелерди чагылдырып турган.

Эркин Европа/Азаттык Радиосу Худайберди Аллашовдун камалышы анын профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт.

«Биз бул айыптоолорду Түркмөнстандагы кызматыбыздын оозун басып, түркмөн элин коркутууга багытталган кезектеги компаниялардын бир бөлүгү катары эсептейбиз. Биздин журналисттерди камашты, сабашты, суракка алышты. Аларды кыйноого алышты деп саноого дагы негиз бар. Биз түркмөн бийлиги бул үчүн жооптуу деп эсептейбиз»,-деди Эркин Европа/Азаттык Радиосунун президенти Томас Кент.

Акыркы жылдары Түркмөнстанда “Азаттыктын” түркмөн кызматынын журналисттерин куугунтуктоо күчөп баратат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: