Сокулук РИИБнин мурдагы жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыктан каза болгон айдоочу Р.А.нын туугандары арызын кайтарып алганы тууралуу жергиликтүү басылмалар бүгүн, 8-январда жазып чыгышты.
Алардын маалыматына караганда, М.Чойбековдун туугандары маркумдун жакындарына материалдык да, моралдык да зыянды төлөп беришкен. Ошондон улам, алар доо-арызын кайтарып алышкан. Мындай маалыматты Чойбековдун туугандары тастыктап, жабырлануучу тарап кырсыкты туура түшүнүшкөнүнө ыраазы болушканын айтып, М.Чойбековдун ден соолугу акырындап калыбына келип жатканын билдиришкен.
Эске сала кетсек, былтыр, 7-декабрда, болжол менен таңкы саат 4:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 18-чакырымында эки машина кагышкан. “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү машина милициянын полковниги Максат Чойбековго таандык болгон. Кырсыктын кесепетинен кичиавтобустун айдоочусу жаракат алып, Кант шаарындагы ооруканага оор абалда жеткирилген. 9-декабрда, Чойбеков кызматынан четтетилген. 10-декабрда ооруканада жабырлануучу каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ