Menu

Россиядагы кыргыз мигранттарынын Адахан Мадумаровго кайрылуусу

Бөлүшүү:

Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы

А.К. Мадумаровго

 Урматтуу Адахан Кимсанбаевич,

 Өзүңузгө белгилүү болгондой, биз  – Кыргызстандын сыртында жашап-иштеп жүргөн жарандар – мигранттар Сиздин жүргүзүп келе жаткан саясатыңызды башынан эле колдоп келе жатабыз. 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясы жеңишке ээ болушуна биздин  да салымыбыз чоң деп эсептейбиз. Тилекке каршы,  мигранттардын миңдеген добуштарын жокко чыгарып, шайлоонун жыйынтыктарын бурмалашып, “Бүтүн Кыргызстан” партиясын өткөрбөй коюшту. Андан бир жылдан кийин, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосунда да Сизге ачыктан-ачык бут тосуулар болду.

2011-жылы Президенттик шайлоонун алдында саясатчылардын ичинен жалгыз Сиз гана Россиянын чоң шаарларын кыдырып, мигранттар менен жолугушуп, биздин абалыбыз менен таанышып, жүйөөлүү суроолорубузга жоопторду берип кеткениңиз эсибизде. Мигранттардын Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жаткандыктарынан шек жок. Ошондой болсо да, эмне үчүн бизди “булар Кыргызстанга жылына 2 млрд $ акча которушат, мигранттар Кыргызстанды багып жатышат” деп айтышат да, шайлоого келгенде шайлоо укугубуздан ажыратышат? Биз өзүбүздүн добушубузду, өзүбүздүн жеңишибизди коргоп алуубуз керек деп эсептейбиз.

Ошол себептен, Кыргызстандын сыртында жүргөн жарандарыбыздын демилгесинин негизинде “Адахан Кимсанбаевич Мадумаровду колдоо” кыймылы түзүлдү. Бул кыймыл акырындап башка чоң шаарларда да ачылып, бүтүндөй Россия боюнча кулачын жаймакчы. Көпчүлүк колдоочуларыңыздын каалоосу боюнча биринчи жыйынды жакынкы күндөрү Россия Федерациясынын борбору Москва шаарында өткөрүп, ага Сиздин катышып берүүңүздү суранабыз.

 Урматтообуз менен,

“А.К. Мадумаровду колдоо” кыймылынын мүчөлөрү:

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: