Нарын облусунун Жумгал районунда өспүрүм мушташтын айынан каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 9-декабрь күнү Кызыл-Жылдыз айылында эки мектептин окуучулары волейбол ойноп жатышкан. Кийин балдардын ортосунда уруш чыгып, ал мушташка айланган. Натыйжада 8-класстын окуучусу эсин жоготуп кулап түшкөн. Окуя болгон жерге келген тез жардам кызматкерлери бала каза болгонун аныкташкан.
Учурда бул факт боюнча КР кылмыш-жаза кодексинин “натыйжасы өлүмгө алып келген атайлап ден-соолукка оор залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ