Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Таластын мэри Айдар Жузупбековдун кармалышы тууралуу маселени көтөрдү.
“Таластагы жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө гумжардам үчүн 700 миң сом бөлүнгөн экен. Аны таратып бүтө электе УКМК барып Таластын мэрин камап коюптур. Ал жардамдардын баардыгын таратып бүтө элек болчуда. Ушул маселени карап коюушуңуздар керек”,- деди Акаев.
Ал эми бул маселе боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эске алып, карала турганын билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин айрым маалымат каражаттарында мэр муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам катары бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн мыйзамсыз пайдаланган деген шек менен УКМК тарабынан кармалгандыгы жазылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ