Эл кыймылдай электе Кыргызстанды чарк айланып, уу-дуу кылган Темир Сариев учурда тутаналбай, быкшыган абалда. Каражат жагынан абалы кыйындап, шайлоонун аягына жетпей, ара жолдо калчудай болуп калды көрүнөт. Куру намыс кылып, тобокелге баш байлаган күндө дагы майнап жоктугун көрүп, аргасы куруп турат. «Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат» абалын кара күчкө коомдон жашырып, сыр бербей сүр сөөлөт күтүүдө. Бирок канчага чейин? Айтмакчы, абалы чатактыгын ким болсун баш кошоорун жар салып жаткан Адахан Мадумаров ачыкка чыгарып, Темир Сариев Өмүрбек Бабановдун этегин кармай турганын, анын ичинде өзү дагы бардыгын жайып жиберди.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ