Menu

Панфилов районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бөлүшүү:

Панфилов районунда милиция кызматкерлери жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрда Панфилов районунун ички иштер органдарына жергиликтүү тургун белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда анын 44 жаштагы агасын Чалдовар айылынын көчөлөрүнүн биринде айдоочу сүзүп, андан кийин белгисиз тарапка качып кеткени белгиленген.

Жол кырсыктын натыйжасында денесинен алган жаракаттан жабырлануучу аймактык ооруканада эсине келбей каза болгон.

Милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жол кырсыгына шектүү делип, эки күндөн кийин айдоочуну аныктап, кармашты. Айдап бара жаткан 1976-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран болуп чыкты.

Бул факт КРнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, унаа айып жайга киргизилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: