Шайлоо күнү Айыл-чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин үстүнөн укук коргоо органдарына Ноокен районунун жашоочусу Кадыр Матисаков аттуу жаран арыз жазып кайрылды. Ал министр тарабынан ур-соккуга кабылганын айтууда. Окуя “Сакалды” айыл аймагында жайгашкан №2186 шайлоо тилкесинде болгон. Бул чырлуу жагдайды иликтөөгө алган Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы, окуя шайлоо тилкесинен алыс жерде болгондугун билдирип, «Айыл-чарба министри арызданган адам атайылап урган эмес, кокустан колу тийип кеткен» деген бүтүм чыгарды. Кызык бекен?.. Мурашев буга чейин 2014-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда, Улуттук госпиталдын дарыгерин сабап салганы менен белгилүү болгон эле. Дагы деле ошол «чоң муштум» адаты калбаптыр…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ