Menu

КР ИИМдин Россиядагы эки өкүлүнөн коронавирус табылды

Бөлүшүү:
 “Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы эки өкүлүнөн коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖКнын Регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымы боюнча, КР Ички иштер министрлигинин төрт өкүлү учурда Россиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында иштейт. Россиянын башка шаарларында маселелер жаралса, анда алар ал жакка иш сапары менен барышат.

“Кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү боюнча өкмөткө сунуш киргиздик. Азыр бул маселелер өкмөт тарабынан каралууда. Ички иштер министрлиги аларды турак-жай жана эмгек акы менен камсыз кылат. Кыргызстандын Росиядагы элчилигинде коронавируска каршы күрөшүү боюнча топтор түзүлгөн, биздин милиция кызматкерлер ошол топтордо иштешкен. Тилекке каршы, экөө коронавирус менен ооруп, дарыланып жатышат. Мен Россиянын ИИМ башчысына жардам сурап кат жөнөттүм” – деп билдирди Кашкар Жунушалиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: