Menu

Видео – Темир Сариев бюджеттик мыйзамды одоно бузуп, каражаты жок баштаган Балыкчы-Корумду жолу дагы эле каражаты жок бүтпөй жатат

Бөлүшүү:

2015-жылы премьер-министр болуп турган Темир Сариев КРнын бюджеттик мыйзамын одоно бузуп, бюджеттик дефицит өлкөнү муунтуп турганына карабай, бюджетте акча каралбаган, 6 миллиард сомго бааланган Балыкчы-Корумду жолун алгач акчасын таппай туруп, өзүнүн популисттик мүнөзүнө салып баштап жиберген.

“Мегаком” ишканасын сатып андан түшкөн $100 млн акчаны ушул жолго салам деп мактанган анда Темир Сариев. Бирок “Мегакомду” сатыкка койгонуна карабай сата албай калган.

“Жерүй” алтын кени 4 млрд доллардык алтыны бар экенине карабай Атамбаев экөөсү орусиялык чечендерге 100 млн долларга эле сатып, анын жарым-жартылай акчасын ушул жолго салган.

Премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен Балыкчы-Корумду жолун куруу кытайлык “Лонг Хай” фирмасына тапшырылып, бирок “Лонг Хай” фирмасынын өкүлү премьер-министр Темир Сариевге 6 млн доллар пара бергендиги тууралу КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын билдирүүлөрүнөн кийин Темир Сариевди отставкага кетиришип, Атамбаев Сариевди жазалатпай койгон. “Жабылуу аяк” жабылуу бойдон калган. Эгер ошондо президент Атамбаев эмес Жээнбеков болгондо Сариев дароо камакка алынмак экен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: