Menu

Атамбаев экинчи мөөнөткө калуу боюнча катып жүргөн сырын ачыкка чыгарды

Бөлүшүү:

Президентти экинчи мөөнөткө калтыруу боюнча аймактардан көптөгөн өтүнүчтөр келип жатыптыр. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-августта Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” комплексинде уюштурулган маалымат жыйында билдирди. “Мага кийинки мөөнөткө калыңыз деген көптөгөн суранычтар, каттар келип жатат. Мен буга чейин айткан жок элем, эми ачык айтайын… Мага кээ бир боордош өлкөлөрдүн президенттери кайрылып, “элге президентиңерди алмаштырбагыла деп айталы” деген сунуштар болду. Эми ар ким өзүнүн парасатына жараша ой жүгүртөт да”, – деди Атамбаев.

Ошондой эле ал Башмыйзамдын өзгөрүшү менен бийликте калуу планы жок экенин белгиледи. “Эгер мен бийликте калууну максат кылсам, башка референдум уюштурмакмын. Премьер-министр болуу үчүн мага 300 миң кол чогултсам жетмек”, – деди ал.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: