Menu

Тажикстан Улуттук банкы: эмгек мигранттарынын акча которуулары 9% кыскарды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Улуттук банкы коронавирустун жайылышы жана чек аралардын жабылышына байланыштуу быйыл эмгек мигранттарынын акча которуулары 9% кыскарганын билдирди. Айрым экономисттер реалдуу сан алда канча жогору болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Быйыл июль айында Улуттук Банктын ошол кездеги төрагасы алты айда мигранттар Тажикстанга 195 млн доллар аз которушканын, бул өткөн жылдын ушул мезигилине салыштырмалуу 14,8% аз экенин айткан. Алты айда мигранттар 999 млн доллар жөнөтүшкөн.

Тажикстандын экономикасы чет өлкөдөгү мигранттардын акча которууларынан көз каранды. Расмий статистика боюнча 2019-жылы мигранттар өлкөгө 2,7 млрд доллар которгон. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу 6,6% көп болгон.

Орусиянын Борбордук банкы 21-декабрда Орусиядан Тажикстанга которулган каражаттын көлөмү боюнча маалымат жарылаган. Быйылкы жылдын тогуз айында 1 млрд 224 млн доллар жөнөтүлгөн, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37% аз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: