Алиев Азамат Момунжанович “Кыргызалтын” ААКтын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал компаниянын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, тиешелүү чечимди “Кыргызалтын” ААКтын директорлор кеңеши 18-декабрда кабыл алган.
“22-декабрда компаниянын жетекчисинин жаңы орун басары эмгек жамаатына тааныштырылды” – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин бул кызматты Нурдин Канымбетов аркалап келген. Ал эми Алиев буга чейин “Алтынкендин” башкы директорунун орун басары кызматын ээлеп келген. “Алтынкендин” 40% үлүшү “Кыргызалтынга” таандык.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ