Москвадан Кубанычбек Апас үн катып, кыргыз бийлиги тескери жолго түшкөнүн, жакында Кыргызстан экономикалык-социалдык кризиске толук батаарын, ошондо кыйналган эл толкуп кете турганын эскертти. “Ошондо гений Доктор Апасты эстейсиңер, мен президент болуп шайланам, анан өлкөмдү оңдойм! Бирок, саясаттагы “гиеналар” мени жолотпой жатышат. Алар коррупция менен элди тоногондон башка бир нерсе билишеби? Жакында барам. Мени күткүлө!” деди эски адатынча обон созуп. Негизи шайлоо астында, же кандайдыр бир саясый акциялар башталарда Кубанычбек Апас пайда боло калчу. Кызык, мындай “чымындар” жазда козголчу эле…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ