Menu

Жаныш Рүстенбеков, КР Тажикстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси: “Тажик элине жээн катары жөнөп жатам”

Бөлүшүү:

Келерки жылы Жаныш аксакал 70 жашты багынтмакчы. Жакында Түркмөнстандагы ишин жыйынтыктап келген маектешим Тажикстанга аттанганы турат. Бүгүн-эртең кошуна өлкөгө учуп кетүү алдында турган элчибизге бирин-экин суроолорубузду жолдоп калдык.

-Жаныш ага, Тажикстандагы элчилик кызматка киришип жатып, алгач ишти эмнеден баштайын деп турасыз?

– Тажикстан өлкөсү, андагы тажик эли биздин элге эзелтен тууган болот. Кадимки Манас атабыздын байбичеси Каныкей апабыз тажик кызы эмеспи. Андыктан, мен бөлөк-бөтөн журтка эмес, бир туугандай болуп калган кошуна элге жөнөп жатам. Болгондо да жээн болуп. Алгач ишке чыгарым босогодо турган жаңы жылга туш келгендиктен, тажик элин жаңырган жылыбыз менен куттуктап, эки тараптуу алаканы мындан ары да жакшыртуунун үстүндө ушул күндөрдөн тартып болгон күчүмдү жумшамакчымын. Анан калса дүйнөнү карагылачы? Абал тынч эмес. Сирия, Ливия баштаган өлкөлөрдү айбаттуу АКШ бир күндө жеп коюп жатат. Европага мигранттар агылып кетип жатышат. Мындай шартта кыргыз-тажик эли, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү биримдикте болбосок кыйналып калабыз. Коңшу Тажикстан менен биздин өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси оор суроо боюнча турат. Айрымдар «Тажикстан менен биздин өлкөнүн ортосундагы талаштуу тилкелердин 60%ы гана чечилген, калган 40%ы чечилген эмес» деп жатышпайбы? Чындап келсе Тажикстан менен чек ара боюнча чечилбеген көп жерлерибиз бар. Эгемендүүлүктү алганыбызга 30 жылга жакындады. Бул аралыкта тыңгылыктуу деле чек ара көйгөйлөрүбүз чечилип кеткен жок. Ушул маселенин мындан ары да чечилүүсүнө болгон күчүмдү жумшасам дейм. Кыскасы, көп эле пландар бар. Калганын бара көрөлү.

– Тээ Акаев доорунан бери Бакиев, Отунбаева, кийинки Атамбаевдин учурунда, эми минтип Жээнбековдун башкаруусунда да эзели бир ишсиз калбаган, кызматтык тоодой бак күткөн жайыңыз бар. Ар бир президенттин тилин таап иштешиңиздин сыры эмнеде? Бул жагынан деги кандай «өнөрүңүз» бар?

– Аскар Акаев Россияда жүргөндө, кийин кафедра башчысы кезинде эле мен өлкөбүздө Биринчи Май районунун акими болуп иштечүмүн. Кийин Акаев президент болгондо өзү мени чакырып, президенттик администрацияны жетектеп берүү сунушун айткан. Мен Акаевден кызмат сураган эмесмин. Кийин мамлекеттик катчы, токой чарбанын башчысы, Ош облусунун губернатору, парламенттин эки чакырылышына депутат болуп шайландым. Өкмөттүн берген кызматтарында иштеп жүрдүм. Бакиев бийликке келгени ал дагы өзү мени чакырып, өзгөчө кырдаалдар министрлигин сунуш кылды. Иштеп бердим. Мындан кийин Казакстандагы элчиликке жөнөттү. Ал жакта иштеп жүрсөм бийлик алмашып, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаевдер бийликке келишип, мени кызматган алып салышты. Кийинчерээк Атамбаевдин айланасыңдагылар мени өздөрү чакырышып, Түркмөнстандагы элчиликти сунушташты. Ал жерге бир мөөнөт иштеп келдим. Ал жактан келсем президентибиз өзү сунуш кылып, Тажикстанга иштеп берүүмдү өтүнүштү. Ойлонуп көрүп, макулдугумду бердим. Сооронбай Шариповичти мурун билчүмүн да, парламентте чогуу депутат болуп жүргөнбүз, жакшы иштештик. Ошто губернатор кезимде ал кишиге колумдан келишинче жардамымды бергем дегендей.

– Азыр 70 жашка чамаласаңыз дагы өзүңүздү кер мурут жигиттей алып жүрөсүз го? Бүгүнкүдөй жүрүшүңүз менен сизге 80 жашыңызда кызмат берсе деле баш тартпай, иштей бересиз го ээ?

– Биринчи мен 80 жашка чыгайын, калганын ошондо көрөлү, ээ иним!

Маектешкен: Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: