Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков экономикалык коопсуздукка болгон терс кесепеттерди, тобокелчиликтерди жана коркунучтарды минималдаштыруу боюнча чаралар менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Президенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев катышты.

Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу экономикалык коопсуздукка болгон терс кесепеттерди, тобокелчиликтерди жана коркунучтарды минималдаштыруу боюнча чаралар талкууланды.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, 3-марттан тарта тышкы таасирлердин кесепеттерин минималдаштырууга жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлгөндүгүн маалымдады.

Базарлардагы кырдаалга көз салуу, атамекендик өндүрүшчүлөрдү, жүк ташуучуларды, негизги жеткирип берүүчүлөр менен импортерлорду колдоо боюнча чаралар камтылган биринчи кезектеги иш-чаралар планы иштелип чыкканы белгиленди.

Эркин Асрандиев жер-жерлердеги реалдуу кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн райондук деңгээлде ушундай эле штабдарды түзүү чечими кабыл алынгандыгын баса белгиледи.

Жалпысынан республика боюнча абал туруктуу, бүгүнкү күндө негизги товарлардын запасы, көлөмү жетиштүү экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабдын ишинин максималдуу натыйжалуулугун камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи. Штабдын негизги милдеттери — дүйнөдөгү экономикалык кырдаалга анализди эске алуу менен таасирдүү сунуштарды иштеп чыгуу жана алардын негизинде мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү чараларды көрүү экенин эске салды.

Мамлекет башчысы Республикалык штаб негизги көңүлдү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн аткарууга, эл керектеген товарларды өндүрүү жана ташып келүү менен алектенген ишкерлер менен тыгыз кызматташууга бурушу керектигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: