Menu

«Обамагейт»: Дональд Трамп мурдагы президент Барак Обаманы айыптоодо

Бөлүшүү:

АКШ Сенатынын Юридикалык комитети жакын арада Дональд Трамптын айланасындагы кишилер менен Орусиянын ыктымал мамилеси жөнүндөгү ишти кайрадан карайт. Бул сапар иликтөөнү Трамптын атаандаштары мыйзамды бузуу менен уюштурушу мүмкүнбү деген маселе талкууланат.

Бул тууралуу бейшембиде комитеттин башчысы, республикачыл Линдси Грэм билдирди.

Анын айтымында, комитет Юстиция министрлигинин жана бир катар аткаминерлердин Барак Обама президент болуп турган кездеги иш-аракеттерин текшерет. Өзгөчө Трамптын мурдагы кеңешчиси Картер Пейжди аңдуу жана дагы бир кеңешчиси Майкл Флинндин орус элчиси менен телефондук сүйлөшүүлөрүнүн ачыкка чыгышы жөнүндөгү маселелер күн тартибинде болот. Юридикалык комитет Роберт Мюллердин атайын прокурор болуп дайындалышынын мыйзамдуулугун да карайт.

Трамп башынан эле иликтөөнү демократ атаандаштары анын саясий беделин төмөндөтүү үчүн ойлоп тапканын билдирип келет.

Юстиция министрлиги генерал Флиннден айыптоолорду алып салганын жарыялагандан кийин Трамптын демократтарга, анын ичинде жеке Обамага болгон чабуулу күчөдү. Флинн башында жалган көрсөтмө бергенин мойнуна алып, кийинчерээк айыптоолорду четке каккан.

Трамп жана анын тарапташтары улуттук чалгындын мурдагы башчысы Жеймс Клэппер, башкы прокурор Эрик Холдер, ЦРУнун директору Жон Бреннан, атүгүл вице-президент Жо Байден менен Обама өзү Трамптын позициясын алсыратуу үчүн Орусиянын шайлоого кийлигишкени тууралуу иликтөөнү жармаштырган деп эсептөөдө. Трамп муну “Обамагейт” деп атап, 1970-жылы Ричард Никсонду президенттик тактан алып түшүүгө түрткү болгон “Уотергейт” иши менен теңеди.

Трамп бейшембиде “Твиттерге” Грем Обаманы Сенатка көрсөтмө берүүгө чакырышы керек экенин жазды.

https://twitter.com/realDonaldTrump/status/1260938381254701060?s=20

Ошол эле маалда сенатор комитетке Барак Обаманы чакырууга каршы болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: