Menu

Роза Отунбаева, экс-төңкөрүшчү: «Алмаз Атамбаев «Таза коом» долбоорун чет элдик грантка даярдап жатат»

Бөлүшүү:

“Азыр Атамбаевдин тапшырмасы боюнча долбоор даярдоочулардын чоң командасы июнь айына чейин бүткөрүүгө жанталашып, Кыргызстандын 2040-жылга чейинки өнүгүүсүнүн  улуттук стратегиясын аныктаган “Таза коом” долбоорун жазып жатышат. Бул долбоорго Эл аралык уюмдардан каражаттар суралып, тартылууда. “Таза коом” долбоору – бул гранттык долбоор,” – деп билдирди экс-төңкөрүшчү Роза Отунбаева “Таза шайлоо туруктуулуктун жана бийликти тынч тапшыруунун кепилдиги” форумунда сөз сүйлөп.

“Биз албетте Эл аралык уюмдарга мындай стратегиялык документти иштеп чыгууга көрсөткөн каржылык жана эксперттик жардамдары үчүн ыраазыбыз. Бирок мен ушул долбоорго грант берип жатышкан эл аралык донорлорго, спонсорлорго кайрылат элем. “Таза коом” долбоору бул бир эле бийликчил КСДП партиясынын президенттик шайлоого чыккан президенттикке талапкеринин программасы болуп калбаш керек. Бул долбоор бийликтеги бир партиянын эмес жалпы улуттук программа болушу зарыл”, – деди 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева.

“Буга чейин Атамбаев даярдаткан “Кыргызстандын 2013-2017-жылдардагы өнүгүүсүнүн 5 жылдык улуттук стратегиясы” эмне менен бүттү? Мисалы, ал стратегияда каралган Кыргызстандагы жакырчылык маселесин алалы. Бийлик “биз жакырчылыкты жойдук” деп жатышат. Бирок, мен бир да биздин мамлекет жетекчилеринин оозунан жакырчылык тууралу сөз чыкканын уккан жокмун. “Кыргызстандын 2013-2017-жылдардагы өнүгүүсүнүн 5 жылдык улуттук стратегиясында” убада кылынган жакырчылыкты жоюу милдети бир карыш да алдыга жылган жок. План боюнча биз 2013-2017-жылдарда Кыргызстандагы жакырчылыкты 20%га кыскартабыз деп убада кылышкан. 2013-жылы Кыргызстандын элинин 37%ы жакырчылыкта жашаса, 2017-жылы 32%ы жакырчылыкта жашоодо. Ошондо калктын үчтөн бири жакырчылыкта күн көрүшсө, анын ичине 5%ы өтө жакыр абалда турушат.  1 миллиондой элибиз жумушсуздуктун жана жакырчылыктын айынан темселеп чет жерлерде миграцияда жүрсө биз эмнеге өзүбүздү жакыр өлкө деп атабайбыз?” – деди экс-төңкөрүшчү Роза Отунбаева.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: