-Авиа кырсык болуп, эл кайгыга батып жатса, социалдык баракча аркылуу Т.Дөөталиеванын элди экиге бөлүп табалаган пикирлерди кандай кабыл алдыңыз?
— Чынында ал кыздын социалдык тармакка жазган комментарийлери жосунсуз жорук болуп калды. Журтташтарыбыздын башына каран күн түшүп турса, жанагындай орой ой-пикирлери өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып жатпайбы. Мындай кыялын көрсөткөн бирөө эле экен десек, андан кийин дагы бирөө чыкпадыбы, аттуу-баштуу эле агабыздын кызы. Мындай калпыс нерселер эскертүү менен эле чектелип калбашы керек. Эскертүү бергенине каршымын. Алардын жазгандарына жакшылап тыкыр анализ жасап, татыктуу жазасын алышы керек. 5–10 жылга түрмөгө кесип жиберсин дегенден алысмын, бирок шарттуу түрдө болсо да соттолуп, жазасын алышы керек.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ