Menu

Эльзада Момунжанова, спортчу: “Аягына чейин чыдаган адам гана жеңишке жетише алат”

Бөлүшүү:

Өлкөбүздө спорт тармагында алгылыктуу жеңиштерге жетишип өлкө намысын коргоп келе жаткан жаштарыбыз көп эле. Ал эми алардын арасында кыз-келиндер болсо саналуу. Бүгүн спортто бир канча ийгиликтерге жетишкен, өлкө намысын коргоо үчүн белин бекем бууп, спортто келе жаткан жаш спортчу кыз Эльзада менен жакындан тааныштырабыз.

—Эльзада, өзүң жөнүндө айтып берсең?

—Мен, Момунжанова Эльзада Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Түз-Бел айылынан болом.

—Спорттун кайсы түрү менен машыгасың?

—Учурда спорттун Алыш күрөш түрү менен машыгып жатам, 2017-жылдан бери ушул спортко көңүл буруп келе жатам. Мындан сырткары дагы грэпплинг, Ушу-саньда, кармашып урушуу, эркин күрөш, пенчак силат, джиу-джитсу менен машыккам. Айрымдары менен бүгүнкү күндө дагы алектенем. Бирок негизгиси Алыш күрөшү. Бул спорттун түрү менен 2 жылдан бери калтырбастан, такай машыгып келе жатам.

—Эмне үчүн спорттун бул түрүн тандап алдың?

—Негизги себеби спорттун формасында болду окшойт. Себеби буга чейин эркин күрөш менен бир айдай машыгып жүрүп өзүмдү эркин сезчү эмесмин. Өзүнүздөр билгендей эркин күрөштө чыпташкан форма кийесин. Ал эми Алыш күрөшүндө кийим кенен, анан да хиджаб кийген кыз-келиндер дагы машыкканга ыңгайлуу.

—Кандай жетишкендиктериң бар?

—Акыркы жеништерим 2018-2019-жылдары Алыш күрөшү боюнча кыз-келиндердин арасында өткөн Кыргызстандын чемпионатын уттум. Жакында Корея мамлекетинин Чонжу шаарында өткөн Дүйнөлүк Чемпионатта 3-орунду камсыз кылдым. 55 кг салмакта күч сынашам. Мындан тышкары эл аралык турнирлерде алдыңкы орундарды алгам. Өзбекстанда, Казакстанда өткөн сынактарда биринчи орунду камсыз кылдым. Ушу-саньда боюнча Кыргызстандын чемпионатын уткам. Өзбекстандын бир нече жолку жана Борбор Азиянын чемпионун жеңип алтын кур тагынгам. Ал эми пенчак силат (күрөш искусствосунун бир түрү) боюнча Малайзияда өткөн Дүйнө биринчилигинде 2-орунду камсыз кылдым. Спорттун ушул эле түрү боюнча Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын чемпионатын уткам. Былтыр кармашып урушуу боюнча Ысык-Көлдө өткөн Ачык Азия чемпионатында калыстардын калпыстыгы менен 2-орунду алып калдым. Жакында Ош шаарында өткөн ачык чемпионатта грэпплингдин эки түрү боюнча тең алтын медаль алдым. Анан «Перспективдүү грэпплер» деген номинация ыйгарышты.

—Олуттуу жаракат алып калып, спортко келгениңе өкүнгөн учурлар болобу?

—Жаракат алган учурлар көп эле кездешет. Жакындагы Талас шаарында өткөн Көчмөндөр оюндары боюнча турнирде 1-айлампада эле колумду чыгарып алдым. Бирок кыйынчылыктарга карабай, кийинки айлампаларда атаандаштарымды жеңип, 2-орунду камсыздадым. Турнир астынан колду, бутту чоюп алган учурлар көп эле болот. Бул албетте тоскоолдуктарды жаратат. Ал эми өкүнгөн учурлар тууралуу айта кетсем. ушунчалык тер төгүп, мээнет кылып турнирге баранда утулуп калсаң аргасыздан ыйлайсың, аракетим кайда кетти деп ойлоносуң. Көңүлүң калат, ошондо эмнеге спортко келдим деп өкунөсүң. Спорт кээде кайгыртат, кээде сүйүнтөт, кээде ойлонтот. Болду машыкпайм деп, бирок эртеси кайра эле дилиң сүйгөн спортту таштап кете албай машыга бересиң. Спортту жакшы түшүнгөн адам гана жеңилүүлөргө карабай алдыга умтула берет. Аягына чейин чыдаган адам гана жеңиштин даамын тата алат.  Спортто утуу сыяктуу утулуу да болот. Жеңиш биринчи күрөштөн эле келип калбайт экендигине ынандым.

-Алдыда кандай максаттарың бар?

—Алыш күрөшү азырынча олимпиадалык оюндарга кире элек. Ошентсе дагы спорттун бул түрү боюнча Азия чемпиондугун, Дүйнө чемпиондугун жеңип, өлкөбүздүн гимнин  ойнотуп, желегин желбиретким келет. Кыргызстанды башка мамлекеттерге тааныткым келет. Спорттогу максатым көп ийгиликтерге, чоң жетишкендиктерге жетүү.

 — Кудай тилегиңди берсин, сага ийгилик!

Сайкал Илиасова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: