Menu

ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге оңтойсуз суроолор?

Бөлүшүү:

Ардактуу Кашкар Астаканович!

Өткөндө президент Алмазбек Атамбаев сизди атайын Грузияга ээрчитип барып, ал жактагы ички иштер органындагы реформаны көргөн соң, сиздин дарекке кичине сын айткандай болду эле. Кечээ болсо, Бишкектеги милициялар үчүн курулган үйдүн ачылышында дагы кайрадан эле ИИМдеги реформалык кадамдардын кечеңдеп жатканына кейип, “ИИМди “крысалардан”  Кашкар Жунушалиев тазалай албаса, мен өзүм тазалайм, ИИМге реформаны ал кыла албаса, мен өзүм кылам” деген ачуу пикирин айтты. Айтыңызчы, сиз бул сындарга териккен жоксузбу?  Же аскерлер арасындагы “чыдап койсоң баары өтүп кетет” ыңгайлуу позицияны карманып, айтылган кептерди кулагыңыздын сыртынан кетирип койдуңузбу?

Дегеле  министр болгондон бери сиздин ишмердигиңизди карап отурсак, мурдагы министрлердей күжүлдөгөн иш, өзгөрүү жок болуп жаткандай. Ал турсун ИИМдин катарынан жаңы мыйзамдык өзгөрүүлөргө ылайык, пенсияга чыкканда кыйналып калаарын ойлогон мыкты адистердин ишти таштап жеке күзөт бөлүктөрүнө, соодага кетип жатканы эмнени каңкуулайт? Чындап эле ИИМ бүгүн президенттин кийлигишүүсүз өнүгүүгө жол таппай карайлап калдыбы? Андай болсо ага ким күнөөлүү? Кадрдык тазалоолорго бара албай жатканыңызга эмне себеп?  Кыскасы ушул суроолорго жооп берип  койсоңуз, коомчулук дагы кулагын түрүп калды…

Булак: Фабула 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: