Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 2-июнунан 6-июнуна чейинки аба ырайы.
Шашылыш билдирүү!
2-6-июнунда аба-ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Бишкек шаарында 2-июнь күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 2-июнь күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 31…33° жылуу болушу күтүлөт.
2-4-июнь күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
5-6-июнь күндөрү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы бир аз өзгөрүлүп турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ