Menu

Бишкекте бейбаштыкка шектелип 36 жаштагы аял кармалды. Ал аны менен урушуп кеткен келиндин башына белгисиз буюм менен чаап жиберген

Бөлүшүү:

Бишкекте бейбаштык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 23-декабрда болжол менен саат 08:30 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Осмонкул жана Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде кыздар урушуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1989-жылы туулган Ш.А. аттуу айым арыз менен кайрылган.

Анда ошол даректен болжол менен саат 08:15 чамасында белгисиз айым арыз ээси менен урушуп, башына белгисиз буюм менен чаап жиберген. Арыз ээси ушул айымга карата чара көрүүнү кайгуул кызматкерлеринен өтүнгөн.

Кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып,ыкчам кармоо иш- чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган А.А. аттуу айымды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: