Menu

Исландияда 23-октябрда тынч революция болуп өттү. Дүйнөлүк ММКлар бул тууралу негедир үн катпайт

Бөлүшүү:

Силер 23-октябрда Исландияда эмне болгонун билесиңерби? Билбесеңер керек. Эмне үчүн эч нерсе билбээриңерди билесиңерби? Анткени Исландияда 23-октябрда революция – абсолюттук тыптынч революция болуп өттү. Бирок мындан анын “революциялуулугу” башка ревоюциялардыкынан кемип калган жок. Бул революция ошол эле учурда либералдар абдан жактырган “демокартиялык процедуралар” адаттагыдай азчылык тарабынан эмес, көпчүлүк тарабынан көзөмөлдөнүп калганы канчалык “коркунучтуу” экенин да көрсөттү. Дал ошондуктан Исландиянын бул көрсөтмөлүү үлгүсү тууралуу дүйнөлүк ММКлар бир ооз да сөз кылбай, кадимкидей жашырып олтурушат. Себеби бүткүл дүйнөнүн бийлик ээлери үчүн Исландиянын үлгүсү чындап эле башка өлкөлөргө үлгү болушу дегеле кереги жок экени айдан ачык.

Ошентсе да баарын катары менен айталы. 23-октябрда Исландияда референдум болуп, жаңы Конституция кабыл алынды. Бул референдум Исландия элинин 2008-жылдан тарта, Евросоюздун мүчөсү болгон өз өлкөсү каржы кризисинин натыйжасында иш жүзүндө банкрот болгонун капыстан билип калгандан башталган күрөшүнүн акыркы аккорду болду. Капыстан билгенинин себеби, бул “эң натыйжалуу”  неолибералдык экономика менен камсыз болгон 5 жылдык гүлдөөдөн кийин болуп олтурат. 2003-жылы өлкөдөгү банктардын баары приватташтырылып, чет элдик инвесторлорду тартуу максатында алар онлайн-банкингди колдонушуп, минималдуу чыгым кылуу менен салыштырмалуу жогорку киреше ала башташкан. Чыныдыгында эле Исландия банктары көптөгөн майда британиялык жана голландиялык инвесторлорду тартышып, баары ойдогудан да жакшы болуп, экономика (неолибералдык көз караштан алганда) өсүп, гүлдөп жана жыты аңкый баштаган. Бирок бир жагдай бар эле: инвестиция канчалык көп келген сайын банктардын тышкы карызы ошончолук тездик менен өсө берген. 2003-жылы Исландиянын карызы ички дүң продукциянын 200 пайызына, ал эми 2007-жылы 900 пайызына барабар болуп калган. 2008-жылкы дүйнөлүк каржы кризиси Исландиянын “гүлдөгөн” экономикасы үчүн өлөөрчө сокку болгон. Исландиянын үч башкы банкы: Landbanki, Kapthing и Glitnir көбүктөй жарылып, улутташтырылган, крона болсо еврого карата 85% наркын жоготкон. Жылдын аягында Исландия банкрот болгонун жарыялаган.

Мына ушул учурда Исландиянын демократиялык өлкө экенин эстешкен. Бирок алды менен исландиялыктар “кадимки” өкүлчүлүк демократияга таянууну чечишкен. Банктар кыйрагандан бир нече айдан кийин исландиялыктар көчөгө чыгып, кризистин себеби болгон банкирлерге жана анын күчөшүнө жол берген түркөй саясатчыларга каршы протест жасай башташкан. Каршы чыгуулар менен тартипсиздиктер акыр аягында өкмөттү отставкага кетүүгө аргасыз кылган. Шайлоолор 2009-жылдын апрелинде болуп, натыйжада бийликке солчул коалиция келип, бир жагынан неолибералдык экномикалык системаны айыптаганы менен, экинчи жагынан дароо эле Дүйнөлүк банктын жана Евросоюз өлкөлөрүнүн исландиялык банктардын жалпысынан алганда үч жарым миллиард евролук карызын төлөө талабын аткармак болушкан. Бул деген, Исландиянын ар бир жашоочусу жеке менчик бир банктын башка бир жеке адамдарга карызын төлөө үчүн он беш жыл бою ай сайын 100 евродон берип турушу керек дегенди түшүндүргөн. Буга эң сабырдуу деген исландиялыктар да чыдай алышкан эмес. Ошентип бул нерсе окуялардын такыр эле күтүүсүз өнүгүшүнө алып келген. Жеке менчик каржылоочулардын катасы үчүн жарандар төлөсүн, жеке менчик карыздарды жабуу үчүн бүт өлкөгө салык салынсын деген идея дегеле  кабыл алгыс болгондуктан жаңы массалык каршылыктардын толкунуна алып келген. Алар Исландиянын жетекчилерин калктын көпчүлүгү тарапка өтүүгө аргасыз мажбур кылган. Натыйжада Президент Олафур Рагнар Гримссон исландиялык банктардын карызы үчүн Исландиянын жарандарын жооптуу кылып, парламент кабыл алган мыйзамды ратификация жасоодон баш тартып, референдум өткөрүүгө макул болгон. “Эл аралык шериктештиктин” “эркин дүйнө” үчүн өтө мүнөздүү болгон реакциясы жаралып, Исландияга болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүлгөн. Улуу Британия менен Голландия өз жарандарына исландиялык банктар карызын төлөөдөн баш тартса өтө катуу экономикалык санкцияларды колдонуп, Исландияны толук бөлүп салууга чейин барабыз деп коркутушкан. Дүйнөлүк Валюта Фонду өлкөнү бардык жардамдан каңтарабыз деп коркуткан. Британия өкмөтү исландиялыктардын сактаган акчалары менен банктардагы учурдагы эсептерин да тоңдуруп салабыз деп опузалаган. Бирок исландиялыктар кысымга алдырган эмес, ал эми Президент Гримссон болсо: “Эгер биз эл аралык шериктештиктин шарттарын кабыл албсак, анда түндүк Куба болуп калабыз. Эгер биз аларга макул болсок, анда түндүк Гаити болобуз”, – деген сөздү айткан. Референдум 2010-жылы мартта өткөрүлгөн. Анда исландиялыктар чет элдик кредиторлорго – Улуу Британия менен Нидерланддарга каражатын кайтарып бербөөнү чечип, катышкандардын 93 пайызы банктардын карызын төлөөгө каршы добуш беришкен.  Дүйнөлүку Валюта Фонду кредит берүүнү дароо токтоткон.  Бирок исландиялыктарды токтотуу мүмкүн болбой калган. Өкмөт жарандардын колдоосу менен каржылык кризис үчүн жоопкер болгон адамдарга каршы жарандык жана кылмыштык териштирүүлөрдү баштаган. Интерпол Kaupthing банкынын мурдагы президенти Сигурдур Эйнарссонду камаккка алууга эл аралык ордер берип, кыйроого тиешеси бар башка банкирлер өлкөдөн качып кетишкен. Бирок ушуну менен эле бүткөн эмес. Исландиялыктар жеткен жакшылыгы менен эле токтоп калбай, өлкөнү эл аралык каржылоонун жана виртуалдык акчанын бийлигинен бошотоор жаңы Конституция кабыл алууну чечкен. Ал жаңы Конституцияны исландиялыктар баары чогулуп, өздөрү жазышмак болгон. Бул максат ишке ашкан! Негизги мыйзамдын долбоорун 2010-жылы Улуттук Ассамблея үстүртөн (лотереялык система менен) тандап шайлаган 950 жөнөкөй жаран жазган. Жаңы Конституцияны аягына чыгаруу үчүн Исландия эли атайын шайлоо өткөрүп, 25 жарандан турган Конституциялык кеңешти шайлаган. Алар ар бирин 30дан кем эмес киши сунуш кылган, бир дагы саясий партияга кирбеген 522 жарандын ичинен тандалган жөнөкөй адамдар – балыкчылар, фермерлер, врачтар, үй кызматындагылар эле. Россиялык “демократиялык” журналист Павел Пряников өзүнө мүнөздүү “Ар бир ашпозчу Конституция жаза алат” деген ат менен жазган макаласында: “552 кишинин биографиясын жана алардын саясий программасын окуп чыгуу, ошондой эле ушунча көп фамилия киргизилген бюллетенди өздөштүрүү мүмкүн эмес деп Исландияда эч ким наалыбаганын өзгөчө белгилеп кетебиз”, – деп айткан. Андан ары Конституциянын текстин жана конституциялык мыйзамдарды аягына чыгаруу башталган. Ошол эле П.Пряниковдун айтканын келтирели: “Андан ары Кеңеш краудсорсинг системасын – өз ишине бардык адамдардын катышуусуна мүмкүндүк берүүнү колдонгон. Жарандардын сунуштары “Фейсбук”, “Твиттер” жана ал турсун “Ютуб” аркылуу жыйналган. Жөнөкөй исландиялыктардан бардыгы болуп Кеңештин ишине карата 3600 комментарий жана Конституцияга 370 түзөтүү түшкөн. Кеңеш ар жума сайын интернетте коомдук талкуу үчүн жаңы беренелерди жарыялап турган. Коомчулуктун жана эксперттердин сунуштарын карап чыккан соң эки же үч жумадан кийин Кеңеш беренелердин финалдык версиясын жарыя кылып, алар дагы бир жолу талкуудан өткөн. Мындан сырткары, Кеңештин мүчөлөрү жумасына бир жолу өз иши тууралуу баянды жазып “Ютубка” салып, ал эми алардын отурумдарын болсо интернетте түз көрүүгө мүмкүн болгон. Иштин аягында Кеңештин бардык 25 мүчөсү Негизги мыйзамдын үстүндө иштөө бүткөнү тууралуу добуш беришкен. “Биз, Исландиянын адамдары биздин ар бирибиз жалпы столдун айланасында бирдей орунга ээ боло алган адилет коомду түзүүнү каалайбыз”, – деген сөздөр менен башталат Конституция. Конституциялык кеңештин мүчөлөрү өз комментарийлеринде Конституциянын биринчи фразасы чет тилдерге которулганда бир топ келегей болуп каларын моюндарына алышкан, бирок ошентсе да, алардын ою боюнча, ал ар бир исландиялыкка түшүнүктүү жана бардыгы үчүн бирдей мүмкүнчүлүктү түзүүгө умтулууну эң жакшы чагылдырып турат. Конституциянын долбооруна ылайык аралдын табийгый ресурстары коомдук гана менчикте болот. “Ачык маалымат жана чынчылдык” деген берене өзгөчө кызыгуу жаратып, ал өкмөттү бардык жумушчу документтерин эгер алар мамлекеттик сыр болбосо бардыгы үчүн таанышууга ачык кармоого милдеттендирет. Конституция ошондой эле бийликти адамдын эле эмес, Жердин жана биосферанын жакшылыгы үчүн да иштөөгө милдеттендирет. Өзүнчө берене жаныбарлардын укугун бекитет. Бул новаторлук документте европалык Конституциялардын көбүнөн чыгып калган өтө эле архаикалык норма үчүн да орун табылган. Ошону менен Исландиянын евенгелиялык-лютерандык чиркөөсүнүн мамлекеттик статусун сакталат.

Бул жерде окуялардын кийинки өнүгүшү үчүн маанилүү дагы бир жагдайды белгилеп коюу керек. Конституциялык кеңеш өз курамы боюнча азыр айтылып жүргөндөй “евросоциалисттик” болуп калган. Бул исландиялыктардын көпчүлүгү солчул көз карашта экенинен эле эмес. Бул исландиялык оңчулдардын алысты көрө албаган жана ачык айтканда макоо жүрүм-турумунун натыйжасы да болуп калган: мурда бийликте турган “Прогрессивдик партия” жана “Көз каранды эместик партиясы” өз тарапкерлерин Конституциялык кеңешти шайлоого жана Конституцияны чогулуп жазууга байкот жасоого чакырып, алардын шайлоочулары болсо дал ошондой кылышкан. Натыйжада кеңештин өзүндө да, жаңы Конституциянын текстинде да оңчулдар менен консерваторлордун таасири өтө аз болуп калган. Ошентип, обьективдүү жана субьективдүү факторлордун бириккен аракеттеринин натыйжасында Конституциялык кеңеште да, Конституцияны иштеп чыгууга катышкандардын арасында да, рефрендумга добуш бергендердин ичинде да абалдын кожоюну күтүүсүздөн көпчүлүк болуп калган. Натыйжа болсо ушунчалык “күтүлгөндөн ашып түшкөндүктөн”, негизги дүйнөлүк ММКлар бир айдан ашык убакыттан бери 23-октябрдагы исландиялык жалпы элдик референдумдун жыйынтыктары тууралуу чечендик менен ооз ачпай турушат. Ага болсо исландиялыктардын 66 пайызы катышып, анын 80 пайыздан ашууну Конституциянын долбоорун кубатташкан.

Силер эми түшүндүңөрбү? Конституцияны жана конституциялык мыйзамдарды иштеп чыгууга жана кабыл алууга көпчүлүктү коё жиберүү экономикада балээден кутулуунун жалгыз жолу деп эсептелген приватизациянын ордуна ресурстарды мамлекеттештирүүгө, мамлекеттик сырдын ордуна ачыктыкка, катуу өкүлчүлүк демократиясынын ордуна түздөн түз демократиянын элементтерине “алып келгенин” көрсөттү. Исландия көрсөткөн жол менен башка өлкөлөрдүн кетишин (бүткүл дүйнөнүн неолибералдык өкмөттөрүнүн көз карашынан алганда) кудай көрсөтпөсүн. Исландияга 2 жыл илгери сунуш кылынган ошол эле чечимдер бүгүн башка өлкөлөргө да сунушталып жатат да. Грециянын элине алардын мамлекеттик секторун приватташтыруу жападан жалгыз чечим деп айтып жатышат. Ошону эле италиялыктарга, испандарга, португалиялыктарга… айтып жатышат. Эгер алар исландиялыктардын үлгүсү менен кетсе эмне болот? Ойлонуу үрөйдү учурат… Бирок ошого эле баратат да! Маднияттуу эс алуусуна тынымсыз иш таштай берчү “европалык чочколор” (PIGS – Евросоюздун банкрот болуу чегине жетип калган 4 өлкөсүнүн: Португалия (P), Италия (I), Греция (G), Испаниянын (S) кеңири жайылган аталышы) жолтоо болгон биздин көптөгөн туристтер көптөгөн транспоранттарда эмнегедир Исландиянын аты айтылып жатканын байкашкан. Бирок жаңылыктар программалары бул майда-чүйдөлөр тууралуу да унчугушпайт. Аларды бир гана нерсе – кыйраган жеке менчик банктардын карыздарын жабыш үчүн кичи пейилдик менен сунуш кылынып жаткан заёмго бул “чочколор” кандай шартта макул болоору гана кызыктырат. Дал ошондуктан силер исландиялык референдум тууралуу эч нерсе билбей калдыңар – дүйнөлүк ММКлар эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп жатышат. ММКлар да өкмөттөр сыяктуу эле, парламенттер сыяктуу эле башкаруучу таптын кызыкчылыгын коргоп, алар үчүн да кайсы өлкөдө болбосун башкарууга көпчүлүктүн коё жиберилиши таптакыр пайдалуу эмес.

Булак: Politikus.ru

Орусчадан которгон Бейшенбек Бекешов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: