Menu

Премьер-министр: Бишкекте жана Чүй облусунда 70 миң сомго чейин айлык акы менен дарыгерлерди контракттык негизде жумушка тартуу иши башталды

Бөлүшүү:

“Бишкекте жана Чүй облусунда 70 000 сомго чейин айлык акы менен дарыгерлерди контракттык негизде жумушка тартуу иши башталды”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифинг учурунда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Жумуш орду Бишкек жана Чүй облусунун аймактарындагы ооруга чалдыккандарды дарылоо пункттарында болмокчу. Эмгек акы боюнча кабатыр болбоңуздар. Сиздер айлык акы жана жашаган жер, тамак-аш менен камсыз болосуздар. Бул бардык медицина кызматкерлерине тийиштүү. Аларга айлык акы категорияларына жараша 70 000 сомго чейин төлөнүп берилери каралган», – деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Ал медицина кызматкерлеринин айлык акысы өз убагында жана кечиктирбестен төлөнөрүн белгиледи.

«Учурдан пайдаланып, азыркы тапта иштебей отурган дарыгерлерди, медайымдарды жана бардык медицина кызматкерлерине кайрылам. Азыр бизге пульмонолог, терапевт, реаниматолог, кардиолог, инфекционист дарыгерлер өтө керек. Өз ыктыяры менен каалоочулар болсо Саламаттык сактоо министрлигинин кадрлар бөлүмүнө бүгүнкү күндөн тартып кайрылууга болот», – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: