Аламүдүн райондук соту Төмөнкү Ала-Арча айылында эки жигитти сабады деп шектелгендерди үй камагына бошотту. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 20-декабрга караган түнү болгон. Төмөнкү Ала-Арча айылындагы дүкөндүн жанында 19 жаштагы балдар сабалган. Балдардын мушташы уруштан улам келип чыккан. Жабырлануучулар милицияга кайрылышкан. Ошондой эле, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 266-берене “Бейбаштык” боюнча катталган.
Кылмышка шектүүлөр 1971-жылы туулган О.К. жана анын уулу 1997-жылы туулган О.М. аттуу жарандар кармалышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ