«Таппасаң сыйпалап кал» дегендей, бийлик кадр таппай сыйпалап калган экен. Буга төмөндөгү эки саясий фигуранын кызматтан кызматка дайындалышынан улам баам салсак болчудай.
Кубанычбек Кулматов менен Сооронбай Жээнбеков бийликтин эң зарыл кадрларынан болду десек жаңылышпайбыз. Улам бир кызматка секирик таштап, айтор бул эки эрендин багы Атамбаевдин мезгилинде аябай эле ачылды. Алгач Бажы кызматынан Бишкек мэрлигине, андан дароо эле Россия-кыргыз өнүгүү фондунун башчысы болуп дайындалды.
Кыскасы Кулматовдон кутула албадык. Баарынан да Сооронбай Жээнбековдун багы төөнүкүндөй экен. Беш жыл Ошту башкарып отурду. Жечүсүн жеп, алчусун алып дегендей. Анан эле Мамлекеттик кадр кызматында иштеп баштаган, эми көп өтпөй президенттин аппарат башчысынын орунбасарлыгына дайындалды.
Мунун да кыскасын айтканда Атамбаевдин колтугуна жакын келди. Эми түштүк боюнча бир топ маселе дал ушул Сооронбай аркылуу чечилчүдөй болуп калды. Булардан башка Атамбаевде кадр жок, сыйпалап калышыптыр…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ