Кечээ, 16-декабрда УКМК ККК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине буга чейин катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Т.К.А. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, кармалган Т.К.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Нарын” дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууда мамлекетке 17 млн сомдон ашык суммада зыян келтиргени аныкталган.
Кармалган адам Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ