29-марттан баштап кинотеатрларда режиссёр Темир Бирназаровдун «Кош келиңиз, президент мырза!» аттуу жаңы тасмасынын бет ачары өтөт. Ата Мекенин таштап, алыска качып кеткен ажо эмнелерди кыялданат? Анын жашоосу кайсы багытты көздөй өзгөрдү? Президент мындан 13 жыл мурда жасаган ишине өкүнөбү?.. Режиссёр Темир Бирназаров ушул гана суроолорго жооп издебестен, окуяны башка өңүттө да чагылдырды. Өз өлкөсүн таштап кеткен ажонун пластикалык операция жасап, мекенине кайтууга жасаган аракетин чагылдырган «Кош келиңиз, президент мырза!» тасмасында режиссёр өзгөчөлөнгөн философиялуу ойлорун да тартуулаган.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ