Menu

“Албарстылар” кыргыздын “ВИА Грасы” болобуз дешүүдө

Бөлүшүү:

«Албарсты мени басты» деген тамашалуу ырдагы үч кыз эсиңиздеби? Мына ошол триодон түзүлгөн топ ачылганы турат. Кыргыздын «ВИА Грасы» болобуз дешкен топтун продюсери Алим Серебров: «Кыргыз шоу-бизнесине жаңылык киргизели деп «Аша» (Asha) деп аталган топту түздүк. Көбү топтун аталышын орусча «ажа» деген сөздөн алынганбы дешсе, “экс-президенттин атынан койдуңарбы?” деп тамашалагандар да бар. Биз күйөрмандын өз каалоосуна, эркине коёбуз, ким кандай түшүнсө ошондой болсун. Өлкөбүздө кыздардан түзүлгөн трио жок экен. Биздин максат Кыргызстанды эл аралык деңгээлге алып чыгуу. Буга чейин айтылып келген жана айтыла турган сын-пикирлерге даярбыз. Өсүп-өнүгүүнү, өзгөчөлүктү кааласак эл бизди туура кабыл алышы керек деп ойлойм. Өзүм мода тармагында иштеп, тажрыйба топтоп калгам. Кыздардын образын иштеп чыгууда кыйынчылык болгон жок»,-деп билдирди.

Булак: Супер Инфо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: