Ташкенттеги эл аралык аэропорттун жаңы терминалынын курулушуна өкмөт 430 миллион доллар жумшайт. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдирет.
Буга чейин долбоордун суммасы 336 миллион долларды түзөрү кабарланган. Кореянын Эксимбанкы 200 миллион доллар насыя берет. Техникалык экономикалык негиздемеси гранттык жардамдардын эсебинен былтыр бүткөрүлгөн.
Курулушка үч жыл сарпталат, ал азыркы терминалга караганда үч эсе көп жүргүнчүлөрдү тейлейт. Терминалдын көрүнүшү Өзбекстандын гербинде түшүрүлгөн кушка окшош болот. 36 учак жана 1700 автоунаа сыйындыра алгыдай аянтчасы курулат. Терминал бир саатта 1500 жүргүнчүнү тейлөөгө ылайыкташтырылат.
Кореяда орун алган дүйнөдөгү алдынкы аэропторттордун бири – “Инчхондун” курулуш технологиясы жана тажрыйбасы долбоордун негизин түзөт. Ал британиялык Skytrax иликтөө компаниясынын версиясы бонюнча бир нече жолу “Беш жылдыз” жогорку рейтингин алган.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ