Menu

Бабановдун келгени, Дастандын түн уйкусун буздубу?

Бөлүшүү:

Бабановдун өлкөдөн чыгып кетиши айрым бир саясатчылар үчүн утуш болгондой эле болгон болчу. Себеби, анын туруктуу колдогон электораты бар экени белгилүү эле. Парламент үчүн болгон шайлоолордо утуп чыгып, акыры ажо болууга чейин аттанган. Анда деле жаман эмес дымагын көрсөткөнүн жалпы эл жакшы эле билсе керек. Мына ушундай абалдардан улам, Бабановдун саясаттан кетип калышы же туруктуу бир убакытка чейин эс ала туруусу маанилүү болгон “саясатчылар” бар болчу. Анын алдыңкы сабында азыркы төрага Дастан Жумабеков болушу турулуу эле иш. Эмнеге? Себеби, өлкөнүн экинчи “кишисине” айланган Жумабеков дагы алдыга арбын саясий максаттарды коюп, өзүнүн кичи мекени Талас тараптан кайсыл гана шайлоолор болбосун утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эсептеп жүрчү. Тилекке каршы, Жумабековдун буга чейин пландап жүргөн аруу “максаттарына” Бабановдун келиши балп эттире эле суу сепкендей кылды. Анын үстүнө, Бабановдун буга чейинки саясий куугунтукта жүргөнүнө Жумабеков бийликте туруп “бирдеме” деп коё албаганына экөөнүн жердештиги тарабынан ачык айтылбаса да, ич ара Жумабековду жек көрүп жүргөндөр бар болчу. Бабанов келди. Кичи мекени аны чоң толкундоо менен тозуп алышты. Буга чейин өзүн саясий айдыңда, айрыкча Талас тараптын күзгүсүнөн каранып, чачын таранып турган Жумабековдун ал мыдырын жууп салгандай эле болду.

Кызыгы, Таластык жердештери менен жолуккан Бабанов, барган эле жеринде төө буурчак маселесин козгоп, “колуман келишинче инвестор алып келем, баасын өзүңөр чечкиле” деп жатты. Бул дагы Жумабеков үчүн жакшы жаңылык болгон жок. Себеби, Таластагы төө буурчак экспорттогон айрым фирмалар төраганыкы экенин көптөр биле бербесе керек.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: