“Эгер Алмаз Шаршеновичти мууздай турган болсо анын каны тиякка, Абыке менен Көбөштөрдү көздөй агат, ал эми мени мууздаса менин каным “кыргыз!, кыргыз!” деп кыйкырып, кыпкызыл болуп агат. Анткени мен кыргыз элинин кулунумун”, – деди бүгүн, 26-октябрда 24.кg маалымат агенттигинде Таластан келген аксакал Асанбек Дүйшөналиев.
“Атамбаев эмне деген гана ыплас сөздөрдү айтпады, бул кишинин көкүрөгү көр экен! Алыстагы эч нерсе көрө албайт экен. Талап кылам, талап кылабыз Алмаз Шаршеновичтен, барып Талас элинен кечирим сурасын! Кечирим сурабаса бул бойдон калтырбайбыз. Калтырбайбыз! Биз Таластын эли бир эмес эки президентти ушул жака чейин кууп келип, жоготкон элбиз. Эч нерседен тартына турган эл эмеспиз”, – деди аксакал Асанбек Дүйшөналиев.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ