Биринчи Май райондук соту Фарид Ниязовдун камакта калуу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева бүгүн, 29-ноябрда билдирди.
Анын айтымында, Фарид Ниязов № 1 тергөө абагында 2020-жылдын 9-февралына чейин кармалат.
Эскерте кетсек, 7-8-августта Кой-Таш окуясы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев баш болуп кармалып, учурда камакта. 10-августта Биринчи май райондук соту Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карап, ага Кылмыш кодексинин 244-беренеси (“Адамды барымтага алуу”), 264-беренеси (“Массалык башалмандык уюштуруу”) жана 43-беренеси (“Кылмышка катышуу”) боюнча айыбын угузуп, камакка алуу чечимин чыгарган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ