Menu

Жалал-Абадда 300 тонна нефти уурдалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынын жээгинен “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жер астынан өткөн түтүктөрүнөн нефти уурдаган факты аныкталды. Аталган ишканадан билдиришкендей, болжолдуу 300 тонна сырье уурдалган. Учурда келтирилген чыгымдарды тактоо жана шектүүлөрдү издөө иштери жүрүүдө.

Кочкор-Атадагы “Кыргызнефтгаз” ишканасынан, Жалал-Абад шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү “Кыргыз петролеум” компаниясына нефти жер астындагы түтүктөр аркылуу келет. Соңку бир айдан бери адистер сырьенун белгиленген көлөмдөн аз келип жатканын байкашкан. Мындан улам ишкананын коопсуздук кызматы атайын иликтөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада, 8-ноябрдан 9 уна караган түнү Көк-Арт дарыясынын жээгинен “Портер” унаасы менен нефти уурдап жүргөндөрдү аныкташкан. Бирок аларды кармоо учурунда транспортун таштап качып кетишкен. Бул факты боюнча ички иштер органына кайрылуу болгон. Бирок арадан 4 күн өтсө да, жетиштүү далилдерге карабай, шектүүлөрдү кармоо кечиктирилүүдө. Аталган ишкананын коопсуздук кызматынын башчысы Рашид Сулайманов: “Ууруларды милиция кызматкерлери калкалап жатат”,- деп, айыптоодо: “Бул уурулуктун башында Жалал-Абад ОИИБнын Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген бир тууган Расуловдор турат. Ошол үчүн 4 күндөн бери эч кандай жылыш болбоду. Алар муну жаап салууга аракет кылып жатат”.

Ал эми “милиция ууруларды калкалап жатат” деген айыптоолорду Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Мыктыбек Турдубеков тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Болгону учурда шектүүлөрдү издөө жүрүп жатканын айтуу менен гана чектелди. “Бул боюнча Сузак РИИБнын кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголот! Азырынча кылмыш иши козголо элек”,-дейт Турдубеков.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: