Menu

Леонардо Хоменюк: «Кыргызстан документтерди салбай, мени бошотушту»

Бөлүшүү:

Канадалык “Камеко” ишканасында, андан кийин кыргыз-канадалык “Кумтөр Оперейтинг компани”, “Центерра Голддо” эң жогорку жетекчилик кызматта 16 жыл иштеген Леонардо Хоменюк 20-октябрда Болгариядагы үй камагынан бошотулуп, АКШга жөнөп кетти. Ал июль айында Болгарияга эс алганы барган жеринен Кыргызстандын өтүнүчү боюнча Интерпол аркылуу камакка алынган. Кандайча бошотулуп кетип жатканы жана ага кыргыз тарап таккан айыптоолор тууралуу “Азаттыкка” Леонардо Хоменюк: «Сот отурумдары бир нече жолу болуп өттү. Эң маанилүүсү 26-августтагы отурумда мени Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча угуу болду. Бирок дал ошол жыйында кыргыз тарап менин ишим боюнча жетиштүү документтерди жөнөткөн жок деп айтылып, 10-сентябрга чейин андай кагаздардын баарын Софияга жөнөтүүгө убакыт берилди.

10-сентябрь келгенде сотто дагы эле Кыргызстан мага коюлган айыптоолорду бекемдеген документтер жөнөтпөгөнү жарыяланды. Сот дагы бир жолу Кыргызстанга убакыт берип, керектүү кагаздарды жөнөтүү мөөнөтүн 30-сентябрга чейин жылдырып, кийинки сот отурумун 7-октябрга белгиледи.

7-октябрдагы сотто айтылгандай, Кыргызстан Болгарияга башында жөнөткөн документтерди кайрадан салып жибериптир, бир дагы кошумча материал же менин күнөөмдү далилдей ала турган кошумча документ салынбаптыр. Ошондуктан Болгария соту Кыргызстан мага каршы ачылган кылмыш иштерин бекемдей турган документтерди берген жок деп мени бошотуу чечимин чыгарды», – деп айтыптыр. «Жаманды кудай неге албайт, жаткан төөгө мине албайт», – деген дал ушул биздин Кыргызстанга тиешелүү экен. Күйүп кетесиң да…

Булак: Фабула 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: