Menu

Маданият министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт

Бөлүшүү:

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи “Кормилица” деп аталган Эл аралык заманбап искусство көргөзмө Феминаллени өткөрүү үчүн өз аянтчасын ижарага берүү менен уюштуруучулардын катарына кирген. Бул көргөзмөнүн авторлорунун алдын ала ойлогон максатына ылайык аялдардын экономикалык жактан эркиндиги жөнүндө темага коомчулуктун көңүлүн буруу болгон.

Экспозиция толугу менен уюштуруучулардын (ижарага алуучулардын) ойлогон оюна ылайык түзүлгөн жана коомчулук арасында дискуссиянын пайда болуусуна өбөлгө түздү.

Экспозициянын реалдуу түрдө ишке ашырылышы белгиленген “аялдардын экономикалык эркиндиги” темасынан кыйла өзгөчөлөнүп турарын белгилеп кетүү зарыл.

Тилекке каршы, хореография, пантомима, актёрдук пластика чыгармачылык процесстин материалы болгон перфомативдик эстетика уюштуруучулар тарабынан өзгөчө түшүндүрүлүп, өз алдынча интерпретацияланууда.

Феминалле өзү провокациянын тилин өзүнчө ыкма, эпатаж катары пайдаланат, ошондуктан жылаңач денени перфоматив ыкма катары берет, бул өз кезегинде көрүүчүлөрдү дезориентациялоого түрткү берип, экономикалык эркиндик темасына эч кандай тиешеси жок.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт.

Бул иш-чараны өткөрүү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен макулдашылбагандыгын эске алуу менен музейдин директоруна мындай контенттеги иш-чаралар макулдашуу процессин өтүүсү зарыл экендиги тууралуу жана мындан ары максаттарды концептуалдуу түрдө ар тараптуу үйрөнүп, көргөзмө долбоорлорун ишке ашыруунун ыкмаларын жана жол-жоболорун музейдин илимий-методикалык кеңешинде макулдашуу керектиги эскертилди.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри бул маселени кароо боюнча комиссия түзүүнү тапшырды. Министр ведомстволук мекемелерде, анын ичинде көргөзмө ишмердүүлүгүндө максаттарды, милдеттерди жана тартылуучу ресурстарды белгилөө менен перспективалык пландоо боюнча методикалык иштер жүргүзүлбөй жаткандыгын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: