Menu

Биометрикалык паспорттун негизги бетинен “улуту” деген графа акыры алынып салынды

Бөлүшүү:

2017-жылдын башынан тарта жарандарга биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Ал паспортко кандай маалыматтар камтылат, кандайча бериле баштайт жана анын артыкчылыгы эмнеде? Биометрикалык маалымат тапшырбагандарды эмне күтүп турат? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Мамкаттоо кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Мелис Эржигитовго кайрылдык.

Биометрикалык паспортту алууга ар бир жаранмилдеттүүбү?

Биометрикалык паспорт 2017-жылдын биринчи кварталынан баштап бериле баштайт. Тагыраагы, жаңы жылдын февраль айынан тарта. Колунда ID картасы бар Кыргызстандын бардык жарандары биометрикалык паспорт алышы керек. Бүгүнкү күндө биздин жарандардын документтеринин жарымынан көбүндө катачылыктар бар. Мисалга алсак, туруктуу жашаган жери башка, катталган жери башка. Мындан сырткары, турмуш курган жаштар паспортторун кайрадан никелүү деген статуска алмаштырышы керек. Практикада болсо, бир нече жылдан бери паспортун алмаштырбаган жубайлар кездешет. Биометрикалык паспортту алганга чейин ар бир жарандын өздүк маалыматтары топтолуп, кайрадан каттоого алынат. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн баштап пенсиялык күбөлүккө чейинки маалыматтар текшерилип, туура жазылгандыгына көзөмөл жүргүзүлөт. Башкача айтканда, бардык документтер капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бизде көбүнчө күбөлүктөгү аты-жөнү менен паспорттогу бир же бир нече тамгадан айырмаланып же ката жазылып калган учурлар абдан көп. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө Өмүрбек деп турат, паспортунда болсо Омурбек дегендей.

Биометрикалык паспорт кандай документтерди, маалыматтарды өзүнө камтыйт?

Биометрикалык паспорт уникалдуу документ болот. Анын ичинде микрочип жайгашкан, анда жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, айдоочулук күбөлүгү, пенсиялык китепчеси, биометрикалык маалыматтары жана банк эсеби камтылган. Кээ бир адамдар менде банкта эсебим жок болсочу деп айтышы мүмкүн. Биометрикалык паспортту алганда ичинде банктын карточкасы автоматтык түрдө болот деп ойлобош керек. Аны жаран өзү биометрикалык паспортту каалаган банкка алып барып коштуруп алат.

Чиптеги маалыматтардын коопсуздугу кандайча корголот?

Биометрикалык паспорттун ичиндеги ар бир документтин өзүнүн коду болот. Мисалы, айдоочунун күбөлүгү тууралуу маалыматты бир гана МАИ кызматкерлери көрө алат. Пенсиялык китепчелерге болсо, социалдык кызматкерлерден башкаларга кирүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Банк карточкаларына да ушундай система тиешелүү. Башкача айтканда, бир үйдө беш бөлмө болсо, бешөөнүн тең ачкычы ар башка болот. Электрондук чип беш кабаттан турат. Ар бири өзүнчө бир мамлекеттик органга карайт. Бүт бардык маалыматтар мамлекеттик каттоо кызматында сакталат.

Электрондук документ болгондуктан маалыматтардын базасы хаккерлерден да корголобу? infografika

Хаккерлер маалыматка чабуул коюшу үчүн аларга интернет керек. Биз жасап жаткан система бүткүл дүйнөлүк желеге туташтырылган эмес. Анда бир нече эл аралык стандартка жооп берген коргоо элементтери жайгаштырылган. Бүгүнкү күндөгү биометрикалык паспорттордун коргоо элементтери ID паспорттукуна караганда беш эсе жогору. Биометрикалык паспортту жасоо өтө татаал. Жасалма паспорттордун көйгөйү ошондо жоюлат деген ишеним бар. Тышкы паспортторду да биометрикалык паспортко алмаштырабыз. Ал өзүнчө болуп, жакынкы келечекте аны да бере баштайбыз.

Кайрадан маалымат чогултабыз деп атпайсызбы. Ал иштер качан башталат?

2017-жылдан баштап абдан активдүү иштеп, масштабдуу жумуштарды бүтүрүүнү пландап жатабыз. Келе жаткан жылдын 1-октябрына чейин 2 млн. 700 миң жарандын ID картасын биометрикалык паспортко алмаштырууну максат кылдык. Бул айына 300 миң биометрикалык паспорт берилет дегенди билдирет. Чындыгында өтө чоң жана оор жумуш. Ошондуктан ыкчам аралыкта элди биометрикалык паспорт менен камсыздоо боюнча план даярдап жатабыз. Өлкө боюнча 454 айыл өкмөтүндө анкеталарды толтуруу пункттары иштейт. Мындан сырткары, 116 паспорт столдорунда алгачкы анкеталар кабыл алына баштайт. Анкеталардын негизинде документтердин бардыгы чогултулуп, бир сыйра текшерүүдөн өтөт. Биометрикалык паспорттун ичине кайсы шайлоо участогуна катталганы тууралуу маалыматты да жайгаштыруу планда бар. Бул ишке аша турган маселе. Техникалык жактан эч кандай жолтоолор болбойт.

Учурда канча жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырды?

Кыргызстанда бүгүнкү күнү биометрикалык маалыматтарды тапшыруу боюнча мыйзам бар. Анда 16 жашка толгон жана андан жогору болгон жарандар биометрикалык маалыматтарды тапшырат. Бүгүнкү күндө 2 млн. 856 миң кыргызстандыктын биометрикасы бар. Бул деген Кыргызстанда туруктуу жашап жаткан 16 жаштан өткөн элдин 96-97 пайызы дегенди түшүндүрөт.

todaysБиометрикалык маалыматын тапшырбагандар эмне кылат?

Биометрикалык каттоодон өтпөгөндөр аргасыздан маалыматтарын тапшырууга мажбур болот. Мисалы, азыр 1994-жылкы паспорттор юридикалык күчүн жоготуп, эч жерде иштебейт. Аны менен бир дагы кызматтан пайдалана албайсың. Барып-барып ID карта дагы ушундай эле тагдырга дуушар болот. Өлкөдө бир гана биометрикалык паспорттор иштеп калат.

Биометрикалык паспорт алуу үчүн жарандар канча сом төлөшү керек?

Учурда донорлор менен иштеп жатабыз, алар менен иш оң жагына чечилип калса, паспорттор бекер берилет. Эгер бардыгы биз каалагандай болбой калса, жарандар 300 сомдун тегерегиндеги акча төлөшү керек болот. Бирок азыр акыркы так маалыматты айтуу кыйын.

Жаңы паспорттордун жарактуу мөөнөтү болобу?

Биометрика дагы 10 жылга чейин берилет. Эгерде фамилияңды өзгөрткүң келсе, алмаштырууга болот. Башка маалыматтар электрондук түрдө сакталгандыктан, ар бир орган өзгөртүүлөрдү киргизе алат. Бул паспорттун артыкчылыгы, эгер паспорт жоголуп кетсе, маалыматтар базада бар болгондуктан кайрадан документтерди чогултуунун кажети жок. Тилекке каршы, Кыргызстанда жарандардын паспортко болгон жоопкерчилиги анча жакшы эмес. Мисалы, документин көрүнгөн жерге күрөөгө таштап кетишет, жоготуп алса айлар өтүп арыз менен кайрылат. Ошондуктан жаран биометрикалык паспортун жоготсо, айып пулдун өлчөмүн жогорулатууну пландап жатабыз. Бул нерсе менен кандайдыр бир пайыз жоопкерчилик жогорулайт деп ишенебиз.

Паспорттун дизайны иштелип бүттүбү? Баса, башкы бетинде “улуту” деген графа жайгаштырылабы?

Дизайндын 95 пайызы бүттү. Коопсуздук маселесин эске алып, аны азыр сиздерге көрсөтө албайбыз. “Улуту” деген графа тууралуу маалымат паспорттогу чипке жайгаштырылат. Визуалдуу көрүүгө болбойт. Паспорттун сырткы бетинде “кыргыз жараны” деп жазылат.

Элвира Акимова

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: