Бүгүн, 22-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 71 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 4, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 8, Ош облусунан – 17, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 13, Баткен облусунан – 20 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 45 542ге жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 114 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 41 796га жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 23 адам; Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан – 14, Ош облусунан – 21, Тлас облусунан – 3, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 14 адам, Жалал-Абад облусунан – 18, Ысык-Көл облусунан – 12.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ