Бүгүн, 14-июнда Кара-Кужур өрөөнүндө Нарын району менен Кочкор районунун тургундары жайыт талашып, кайрадан жаңжал чыкты.
Өткөн кылымдын 50-жылдарынан бери Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтому менен Кочкорлуктарга жайыт катары бекитилип, алар пайдаланып келе жаткан Кумбел жайлоосуна Кочкорлуктарды “пайдалануу мөөнөтү 2020-жылы бүттү” деп 5-июнда Нарындыктар жол тосуп өткөрбөй коюшкан. КР өкмөтү 2019-жылы 27-ноябрдагы токтому менен ал жайыт пайдалануу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узарткан болчу. Бирок Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургундары өкмөттүн бул чечимине баш ийбей жатышат.
Бүгүн Кумбелге өтө албаган Кочкорлуктар көчтүн башын Кара-Кужурду көздөй буруп, бул бизге караштуу жайыт деп барса ал жакты да Нарын районунун Миң-Булак айылынын тургундары тосуп киргизбей жаңжал чыкты.
“Мына ОМОНдор келди, азыр эки айыл кырылышканы жатат. Өөх! Кочкорлуктар аябай көп болуп кетти. Тынымсейит, Миң-Булак, Куйбышев, Өрнөк чыккыла! Биз аябай аз болуп жатабыз”,- деп чакырык таштаган Нарындык тургундун видеотасмасы социалдык тармактарга тарап жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ