“Кыргызстан” партиясынан КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер болгон Гүлбара Барыктабасова өзүнүн фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында пост жазып, партиянын катарынан чыкканын жарыялаган:
“2015-жылы “Акшумкар” партиясы шайлоого катыша албай калгандыктан мен жаңы “Кыргызстан” партиясына кошулуп шайлоого катыштым. Аларга ишенген элем… Элдин кызыкчылыгы тууралу ойлогон жаңы адамдар келишти деп ойлогом. Алардын программасын окуп, чын дилимден ишенгем, бирок алар кадимки эле аферисттер менен суу куйдулар болуп чыкты.
Байкап келе жатабыз, алар өздөрүнүн шайлоо алдындагы убадаларынын бир пунктун да аткарышкан жок. Ал аз келгенсип партиянын лидери Канатбек Исаев өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүп, интригалар жана жалаа жабуулар менен гана алектенип калды… Анын адамдык сапатында таза саясатчынын бир да касиети жок , бузуп-жарганды гана билет экен…
Республика баш аламандыктын коркунучу алдында турат, күн сайын компроматтардын жаңы толкуну баштан ылдый куюлуп жатат…
Баарынан көңүл калды, мен “Кыргызстан” партиясынын катарынан чыкканыма кубанам..,” – деп жазган Барыктабасова.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ