Биздин бийликтин жашоосунда оңуна караганда тескери сыпаттамалары арбын болот. Анын үстүнө жаңыдан келген бийликтин да башкы планы мурунку кадрларды жыга чабууга багытталганы жакшы көрүнүш эмес. Макул өз командасын алып келсин дейли? Бирок камчы сапка жарачуларды калтырып койсо неге болбойт? Сонун эле болот.
Анын сыңарындай өтө жооптуу билим берүү министрлигинде азыр Гүлмира Кудайбердиева жетекчи болуп отурат. Аны да ээрден оодарып салууга тишин кайрагандар жок эмес. Бекер жерден басма сөз каражаттарына улам-улам чыгарып жатышпаганы ачык байкалып калды. Бул тармакты да мээлегендер толтура. Ошентсе да калыстык пикирибизди ортого сала кетели деп чечтик. Маселен, мурда иштеген Э. Сариевага салыштырмалуу Гүлмира айымдын аракети кыйла салмактуу, көзгө толумдуу болуп баратканын министрликтеги кызматкерлер гана эмес, башка аймактагы билим берүү тармагынын билермандары да төгүлүп-чачылып айтып калышат. Ал эми интригалык оюндарды ойкуштаткандар болсо өз кызыкчылыгын баарынан жогору коюшаары белгилүү да. Акыйкатына келсек Кудайбердиева баштагыдан такшалып калганын, ишке дарамети жетерин, уюштуруучулук жөндөмүн тастыктап койду. Ошондуктан жетилген кадрларды тепкилегенден көрө мамлекеттин пайдасына багыттоо кажет. Негизи кадрларды он жылдап такшалуу мектебинен өткөрүп келгенин эстен бийлик башындагылар чыгарбаса…
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ