Сооронбай Жээнбеков аймактарга болгон жумуш сапарын улантууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Бүгүн, 5-августта, Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Ош облусунун Чоң-Алай районуна барып, 2017-жылдын 3-5-майында болгон жер титирөөдөн жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү боюнча министрликтер менен ведомстволорго берилген тапшырмалардын аткарылышы менен таанышып чыгат.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Шибээ жана Кулчу айылдарындагы социалдык объектилерди көрөт.
Белгилей кетсек, Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү боюнча буга чейинки берилген тапшырмалар, райондун климаттык шартын эске алуу менен оперативдүү түрдө ушул жылдын сентябрь айына чейин бүтүшү керек болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ