Бүгүн, 8-майда Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборунда медициналык кызматкерлердин арасында коронавирусту жуктуруунун бир учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Алардын айтымы боюнча, коронавирус аныкталган медициналык кызматкер менен байланышта болгон кызматкерлер аныкталып, бардыгынан ПЧР тест алынган.
“Элдин арасында байланышта болгондор жок, анткени бул дарыгер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө болуп, бейтаптарды кабыл алган эмес” – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ооруканада 10-майга чейин пландалган бейтаптарды кабыл алуу жокко чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ