Алай районунун К.Белекбаев атындагы Алай айыл аймагында 20-июлда саат 02:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Чий-Талаа айылынын чыгыш тарбындагы тоолордон сел агындылары түшүп, Чий-Талаа айылын сугат суу менен камсыз кылган жалпы узундугу 4 чакырым каналдын көпчүлүк бөлүгү сел агындыларына толуп калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда 60-70 турак жайды cел жууп кетүү коркунучу пайда болду. Сопу-Коргон айылынын чыгыш тарабында курулган 4 сел тосмолорун жана түндүк чыгыш Бөкөймө каналынын 2 чакырымы, чыгыш Тескей каналынын 3 чакырым аралыгы сел калдыктарына толуп калган. Мындан улам дагы 25-30 турак жайды сел суусу жууп кетүү коркунучу пайда болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ