Атамбаев Германиянын мурдагы Федералдык канцлери Гельмут Кольдун кайтыш болгондугуна байланыштуу Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты.
“Германия Федеративдүү Республикасынын мурдагы Федералдык канцлери, дүйнөлүк масштабдагы чыгаан саясатчы Гельмут Кольдун дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Гельмут Коль бириккен Германиянын калыптанышына жана өнүгүшүнө, Европанын чыңдалышына зор салым кошкон, ошол эмгеги менен өз элинин гана эмес, бүт дүйнө элдеринин терең урматтоосуна татыган.
Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Сизге, жалпы Германия элине, Гельмут Кольдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”,-деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ