Menu

Кыргыз кызынан өлкө президентин өстүрүп чыгууну максат койгон саясатчы аялдардын “Аракет” саясый клубу түзүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыздын Жаңыл мырзадай тайманбас Замира Сыдыкова, Клара Сооронкулова, Чолпон Жакупова, Камила Шаршекеева, Мира Жангарачева, Рита Карасартова, Элмира Ибраимова, Динара Ошурахунова, Элмира Ногойбаева баштаган ондогон саясатчы кыздары өткөн жумада саясатчы аялдардын “Аракет” саясый клубун түзүштү.

Аялдардын “Аракет” саясый клубу кыргыз кыз-келиндеринин саясый активдүүлүгүн ойготуп, тилектештигин өрчүтүп, кыздарды кыргыз саясый турмушуна, мамлекетти башкарууга активдүү катышууга тартат. Клубдун жакынкы максаттарынын бири – кыргыз кызынан  өлкө президенттерин өстүрүп чыгаруу болуп саналат. Алардын ишеними боюнча эгер Кыргызстанды аял президент башкарса мамлекетте бүгүнкүдөй саясый жана экономикалык терең кризистер болмок эмес.

“Аракет” саясый клубу 2017-жылдагы  президенттик шайлоодо кыргыз кыз-келиндеринин атынан президенттикке өздөрүнүн бирдиктүү талапкерин алып чыгышат. Ушул маселени талкуулоо учурунда атамекенчи Асия Сасыкбаева 2017-жылдагы президенттик шайлоодо “Аракет” саясый клубу “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин талапкердигин колдосо жана кийинки 2023-жылдагы президенттик шайлоого аялдардан талапкер алып чыкса деген сунушун айтты. Бул сунушка саясатчы кыз-келиндер ынанышкан жок. Ал эми Замира Сыдыкова ачык эле “2017-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары бир да Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катышууга моралдык укугу жок. Алар өздөрүнө берилген тарыхый мүмкүнчүлүктү пайдалана алышпай, Кыргызстанды уурдап-тоноого, мародерчулукка катышып, мамлекетти башкарууда коррупциялык, кландык, тууганчылыктан өйдө көтөрүлө алышпай, 6 жылда өлкөнү саясый жана экономикалык сазга алып келип тыгышты” деп билдирди.

Кыргызстанда аялдар өтө активдүү саясый күч экенин жана алар бир тилектештикке бириксе чоң күчкө айланарын эске алсак “Аракет” аялдардын саясый клубунун максаттары реалдуу экени талашсыз.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: