Menu

Видео – Билим Берүү министри Каныбек Исаков белгилүү окумуштууга эмнелерди берип жиберген?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-октябрда, «Манас жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык мааракесине жана 50 жылдык илимий ишмердигине арналган «Манас таануунун, кыргыз таануунун жана Ата Мекен тарыхынын актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция профессордун 20 жыл эмгек кылган «Кыргызстан оторчулук доорунда» (1855-1917-жж.) китебинин бет ачаары менен башталды. Аталган конференцияга казак, өзбек, кыргыз тарыхчылары жана депутаттар катышышты.

Мындай иш-чараны «Манас жана “Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын” президенти Топчубек Тургуналиев ачкан соң, «Кыргыз тарых коому» эл аралык коомдук бирикмесинин президенти Тынчтыкбек Чоротегин Т.Кененсариевдин «Кыргызстан оторчулук доорунда» (1855-1917-жж.) китеби жөнүндө баяндама жасады.

Андан соң, Билим берүү министринин орун басары Баатыркул Баетов сүйлөп, министр Каныбек Исаковдун (министр учурда командировкада жүргөндүгүнө байланыштуу конференцияга келбей калганы айтылды – авт.) куттуктоосун окуп берди. Анда министр Каныбек Исаков Ташманбет Кененсариевдин илимий эмгектерин санап, ал ар кайсы тилдерге (кыргыз, орус, англис, немис, кытай, иран, түрк, польша) которулганын жана илимий мурастардын жайылышына баа жеткис эмгек жасаганын баса белгилеп, устат катары таазим кылган.

Аягында Баатыркул Баетов өзүнүн да каалоо-тилегин айтып, белектерди тапшырды. “Шефиңизге (Топчубек Тургуналиев жөнүндө сөз болууда) окшош болсун деп алып келдик”,-деп башына калпак кийгизип, үстүнө чепкен жаап, колуна ак боз ат тартылган картинаны карматып, “ушундай тай буурадай талпынып, талыкпай дагы эле иштей бериңиз”,-деди.

Баатыркул Баетовдун сүйлөгөн сөзүн төмөндөгү видеотасмадан көрүңүз:

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: