Menu

Төрага Д.Жумабеков Кара-Суу районунда үч эм балдарын жалгыз бой чоңойтуп жаткан энеден кабар алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кара-Суу районунун Эркин айылындагы үч эм балдарын жалгыз бой чоңойтуп жаткан Кызжибек Мариповадан кабар алды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Үч эм баласына татыктуу тарбия берип жаткан энеге ыраазычылык билдирген Төрага: “Сиздей энелер бар элибиздин келечеги кең. Балдарыңыз өзүңүздүн үмүтүңүздү гана актай турган кыз-жигиттерден эмес, өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан инсандардан болуп чоңойсун”,– деди. Ошондой эле балдарга атайын ала барган белектерин ыроологон Дастанбек Жумабеков, жалгыз бой энеге кир жуучу машине жана Төраганын жеке резервдик фондунан 50 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөттү.

Жогорку Кеңеш Төрагасынын үйүнө келип кабар алганына кубанган Кызжибек Марипова, жаңы жыл алдында жакшы жаңылык болгонун кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: